Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын ички көчөлөрүн, коомдук жайларын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана аларды күтүүнүн (кароонун) абалы жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылдын 28-майы № 23 Баткен шаарынын ички көчөлөрүн, коомдук жайларын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана аларды күтүүнүн (кароонун) абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – Дүйнөлүк бийиктик” уңгу жол Жарлыгынын алкагында, 2026-жылга карата жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча бюджеттен каралган каражаттын көлөмү жана анын өздөштүрүлүшү боюнча аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Баткен шаарынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү үчүн Баткен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 9-мартындагы №62 буйругу кабыл алынган. Баткен шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 17-февралындагы №4 токтомунун негизинде, Баткен шаарынын 2026-жыл үчүн шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 33 иш чара толугу менен коомдук пайдалануучу жайларды жакшыртууга арналган. Жогоруда каралган иш чаранын ичинен 2026-жыл ичинде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн 500 000 сом каралган Бүгүнкү күндө Баткен шаарынын 2026-жылга карата жашылдандыруу, көрктөндүрүү акциясынын алкагында борбордук көчөлөрүнө отургузулган көчөттөр боюнча: 2026-жыл жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча тендерге жарыя берилип, жеңүүчү тандалып алынып иш алып барууда. Баткен шаарынын Т.Садыков, Жибек-Жолу, С.Сыдыков көчөлөрүнө: Петуня түркүн түстө- 1434 даана Сальвия(кызыл-көк) – 600 даана Цинерария – 300 даана Бархат гүлдөрү түрү менен -800 даана Калеус -200 даана гүлдөрдүн жыты көңүлдү көтөрүп, шаардын көркүн ачат. Каштан-70 даана бийиктиги 1,5-2,0 метр Дуб-50 даана 1,5-2,0 метр Сосна (эльдарский)-100 даана 2,0 метр Павлоня- 70 даана 1,5-2,0 метр Туя (арча)-50 даана 1,5 метр Көк терек- 200 даана 1,5-2,0 метр Ак кайың -106 даана 1,5-2,0 метр Катальпа – 70 даана 1,5-2,0 метр Липа -30 даана 1,5-2,0 метр Төрт-Гүлдөгү резиденциянын жолуна: Туя -45 даана отургузулган көчөт келечекке болгон камкордук. Ак кайын -110 даана отургузулуп, Жалпы 464 370 сом акча каражаты жумшалган Баткен шаарынын ар бир тургундары айлана-чөйрөнү таза кармап, бак-дарактарды көбөйтүүгө салым кошуусу ар бир жарандын милдети, бирок ошого карабастан Баткен шаарынын ички көчөлөрүн таза абалда кармоого мекеме иш каналар тарабынан ишембиликтер уюштурулуп иреттелип, тазаланууда. Ар бир шаар тургуну жоопкерчиликти алып айланасын таза кармап, бак дарактарды, гүлдөрдү отургузуп салым кошо алат бул биздин милдет. Бир көчөт отургузуу — бул жөн гана эмгек эмес, келечек муунга белек калтыруу. Жашылданган жер — жашоонун, тынчтыктын жана берекенин символу. Ошондой эле АРИС тарабынан Жаштык жана Жеңиш парктарына, Чет-Булак, Базар-Башы, Кызыл-Жол кварталдарына иш-чаранын алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана экологияны коргоо максатында жашылдандыруу иштери уюштурулду. Катышуучулар тарабынан бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, аймак тазаланып, гүлдөр эгилди. Бул иш-чара жаратылышка болгон аяр мамилени күчөтүп, жаштарды эмгекке жана тазалыкка үндөдү. Жашылдандыруу — келечекке кам көрүүнүн эң жакшы үлгүсү. Отургузулган ар бир көчөт айланага көрк берип гана тим болбостон, таза абанын булагы болуп саналат. Мындай пайдалуу иш-чаралар коомчулукту биримдикке чакырды. Баткен шаарынын С.Сыдыков көчөсүндөгү жазуу акталып, сырдалды 110 000 сом акча каражаты жумшалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” №109 Жарлыгын аткаруу максатында бир топ алгылыктуу иш-чаралар аткарылган. Шаар боюнча мыйзамсыз курулуштар буздурулду. Айрым көчөлөрдө бүгүнкү күндө да мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда. Бул иштер жүргүзүлгөн көчөлөрдүн катарына Б.Ходжаев, Т.Садыков, С.Сыдыков, Курманжан Датка, М.Нургазыев, Э.Калыков, И.Жусупов, Муса Кадыр, Жеңиштин 40 жылдыгы, СССРдин 60 жылдыгы көчөлөрү кирет. Учурда көчө кеңейтилип унаа токтоочу жайы катары пайдаланууда. Ал эми шаар ичиндеги электр мамычалар, светофордун мамычалары краскаланып, учурда шаар көчөлөрү иреттелип, кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын ички көчөлөрүн, коомдук жайларын көрктөндүрүү,
жашылдандыруу жана аларды күтүүгө көрүлүп жаткан иш-аракеттер жакшыргандыгы белгиленсин жана Баткен шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- пайдалануудагы эс алуу жайларынын тазалыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу, ар дайым оң абалда кармоо, интернет байланышын тартуу, эс алуу жайларындагы орундуктарда улуттук күүлөрдүн жаңырып туруусун уюштуруу, заман талабына ылайык (телефон зарядоочу точкалар) жасоо;
-шаар аймагында коомдук жайларда балдар ойноочу жайларды курууну жана эс алуучу жайларды курууну жандандыруу. -шаарды көрктөндүрүү үчүн тиешелүү мекеменин алдында бөлүм ачуу менен аталган кызматты жандандыруу;
- гүл көчөттөрү жана бак дарактардын көчөттөрү үчүн күнөскана уюуштуруу;
2.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облусттук юстиция
башкармалыгына жөнөтүлсүн
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин
төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын
| Төрага | А.Аширов |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 18 декабря 2024 года УП № 369 "О Доктрине (Унгужол) "Национальный дух - мировые высоты"Указ · 18.12.2024 · № 369
- Баткен шаардык кенешинин 2026-жылдын 17-февралындагы 34 "Баткен шаарынын инфратүзүмүн 2026-жыл ичинде жергилиткүү бюджеттин эсебинен жакшыртуунун иш-чарасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 17.02.2026 · № 4