Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кен-Талаа айылдык кенешинин «Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө» токтому
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2026-жылдын 29-апрели № 23
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө
Кең-Талаа айыл аймагынын айылдарындагы калктуу конуштардагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитип берүү жөнүндөгү маселени талкуулап чыгып Кең-Талаа айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамы менен пайда- ланууга киргизилген Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин 24- Главасына ылайык “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасынын чоңдугун бекитүү жөнүндө” сунушка айылдык кеңештин депутаттарынын каршы добуш бергендигин эске алып,макулдук берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын колго алуу жагы Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Ш.
Джумабаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
| Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | Б.Жумабайев |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах»Закон · 10.08.2018 · № 89