# Жибек-Жолу айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги №3/5 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө токтом

- Полное наименование: Жибек-Жолу айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги №3/5 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө токтом
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3/5
- Дата принятия: 15.04.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.04.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047839>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56113/edition/55078/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.04.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жибек-Жолу айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги №3/5 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө токтом (ред. от 15.04.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047839

---

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму

ТОКТОМ №3/5

| 2026-жылдын 15-апрели | Согонду айылы |

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынан трансформация болгон жана калктуу конуштун чегинде жайгашкан турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде чектеп бекитип берүү максатында Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынан трансформация болгон жана калктуу конуштун чегинде жайгашкан турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянты “Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында 3(үч) жылдан кем эмес туруктуу жашаган жергиликтүү тургундарга” 8(сегиз) сотыхтан чектелип берилсин.

2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын 8(сегиз) сотыхтан чектеп берүү жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жана Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

| Төрага: | Б.Ж.Артыков |
