Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ынтымак айылдык Кеңешинин Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылынын Ленин көчөсүнүн географиялык аталышын “Манас” көчөсү деп өзгөртүү жөнүндө токтом
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын
№14/9 токтому
| 2026-жылдын 03-февралы | Жаңы-Арык айылы |
Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылынын Ленин көчөсүнүн географиялык аталышын «Манас» көчөсү деп өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн 2025-жылдын 17-июлундагы №18-7656 сандуу протоколун аткарууга алууга, Протоколдо көрсөтүлгөндөй Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө» токтомуна ылайык шаарлардын, поселоктордун жана айылдардын борбордук көчөлөрүнүн бирин, айрыкча мурда В.И.Ленин ысымын алып жүргөн көчөлөрдүн аталыштарын «Манас» көчөсү деп өзгөртүү сунушуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтомунун 19-пунктунда бекитилген тартипке ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүктүрүү коомдук уюмдар жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүктүрүү коомдук уюмдар жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине таянып, Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылынын көчөсүнүн учурдагы аталышы В.И.Ленин болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык «Манас» көчөсү деп өзгөртүү сунушу колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтомунун 19-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасында географиялык объектерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби боюнча тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековго тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүктүрүү коомдук уюмдар жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага: | А.Дунаев |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 244 "О Комиссии по увековечению памяти выдающихся деятелей Кыргызской Республики при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 06.05.2013 · № 244
- Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2025 года № 149 "О деятельности Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и…Постановление · 25.03.2025 · № 149