Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ынтымак айылдык Кеңешинин Ынтымак айыл аймагынын Правда айылынын географиялык аталышын өзгөртүү жөнүндө токтом
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын
№14/6 токтому
| 2026-жылдын 03-февралы | Жаңы-Арык айылы |
Ынтымак айыл аймагынын Правда айылынын географиялык аталышын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген тартипке ылайык, Ынтымак айылдык аймагынын учурдагы аталышы «Правда» болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык «Кош-Чынар» деп өзгөртүү сунушу боюнча, Ынтымак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту сактоо, этика, коопсуздук, регламент иштери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясы жана өкмөт башчы менен биргеликте элдик жыйындын протоколунун чечимин угуп талкуулап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык аймагынын учурдагы аталышы "Правда" болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык «Кош-Чынар» деп өзгөртүү сунушу колдоого алынсын.
2. Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан Ынтымак айылдык аймагынын учурдагы аталышы "Правда" болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык «Кош-Чынар» деп өзгөртүү сунушун колдоп берүү жагы суралсын.
3. Ынтымак айыл өкмөтүнө «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволук аралык комиссиянын иши жөнүндө» токтомунун негизинде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын «Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө» жобосунун 12-пунктунун негизинде географиячлык аталышты өзгөртүү боюнча тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүктүрүү коомдук уюмдар жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага: | А.Дунаев |
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики»Закон · 25.04.2008 · № 65
- Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2025 года № 149 "О деятельности Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и…Постановление · 25.03.2025 · № 149