# Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги №8/3 Органикалык айыл чарба улуттук күнү жөнүндө токтом

- Полное наименование: Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги №8/3 Органикалык айыл чарба улуттук күнү жөнүндө токтом
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8/3
- Дата принятия: 28.04.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.04.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047700>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56056/edition/54893/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.04.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги №8/3 Органикалык айыл чарба улуттук күнү жөнүндө токтом (ред. от 24.04.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047700

---

КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 8-отурумунун

ТОКТОМУ

| 2026-жылдын 28-апрели №8/3 | Боз-Караган айылы |

Органикалык айыл чарба улуттук күнү жөнүндө

Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-отуруму, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгынын негизинде, Органикалык айыл чарба улуттук күнү жөнүндө, Курманжан Датка айыл аймагындагы айыл өкмөтүнө караштуу калктын органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү колдоо максатында экологиялык туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүүгө, жаратылыш жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана жарандардын тамак-ашынын сапатын жогорулатууга багытталган саясаты жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Органикалык айыл чарба улуттук күнү жөнүндө Жарлыгы Курманжан Датка айылдык кеңеши тарабынан жактырылсын.

2. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу калкынын органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү колдоо максатында экологиялык туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүүгө, жаратылыш жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана жарандардын тамак-ашынын сапатын жогорулатууга багытталган саясатын камсыз кылуу максатында Курманжан Датка айыл аймагы боюнча аткарууга алынсын.

3. Кабыл алынган токтомдун Жарлыктын иш-чараларын түзүп, аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Амираев жана Курманжан Датка айыл аймагы боюнча айыл башчыларына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

5. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

| Төрага: | Д. Камчыбек уулу |
