Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин Каракол айыл аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү жана “Элеттик айымдар күнүн” белгилөө жѳнүндѳ токтому
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
XXIX-чакырылышынын XIII- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-апрель айы №7
Каракол айыл аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү жана “Элеттик айымдар күнүн” белгилөө жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына, ошондой эле аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын эмгегин баалоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чындоо максатында,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренесине ылайык Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Каракол айыл аймагында элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү боюнча Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин..
2.2026-2030-жылдар ичинде Каракол айыл аймагында 18-июнь- “Элеттик айымдар күнү”белгиленсин.
3.Аялдардын коомдогу ролун даназалоо жана укуктук сабаттуулугун арттыруу максатында айыл өкмөтү төмөнкү иш-чараларды камсыз кылсын:
*Аялдардын укуктарын коргоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияларды жана юридикалык кенеш берүүлөрдү уюштуруу;
*Айылдагы үлгүлүү, эмгекчил жана коомдук иштерде активдүү айымдарды аныктап, сыйлоо аземин өткөрүү;
*Аялдардын менталдык ден соолугун чындоо багытында психологиялык тренингдерди жана маданий программаларды даярдасын жана бекитсин;
4.Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлсүн.
5.Каржылоо маселеси жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жана демөөрчүлөрдүн эсебинен чечилсин.
6. Токтом ММКларга жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин..
7.Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ариповго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев
Каракол айыл аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү боюнча ЖОБО тиркемеге ылайык бекитилсин.
1.Жалпы жоболор
1.1.Бул ЖОБО Каракол айыл аймагында жашаган аялдардын социалдык- укуктук абалын жакшыртуу, алардын коомдук турмушка катышуусун активдештирүү жана психологиялык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
1.2.Жобонун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктары түзөт.
2.Жобонун максаттары жана милдеттери
2.1.Максаты: Элеттик айымдардын коомдогу ордун даназалоо, алардын эмгегин баа жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү.
2.2. Милдеттери:
*Аялдардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу;
*Аялдардын менталдык (психикалык) ден соолугун чындоо жана моралдык колдоо көрсөтүү;
*Үлгүлүү үй-бүлөлөрдү жана коомдук иштерге активдүү айымдарды аныктоо жана сыйлоо.
3.Аялдардын коомдогу ролун даназалоо жана укуктук сабаттуулугун арттыруу максатында айыл өкмөтү тарабынан төмөнкү иш-чаралар камсыз кылынсын:
3.1. Аялдардын укуктарын коргоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияларды жана юридикалык кенеш берүүлөрдү уюштуруу;
3.2. Айылдагы үлгүлүү, эмгекчил жана коомдук иштерде активдүү айымдарды аныктап, сыйлоо аземин өткөрүү;
3.3. Аялдардын менталдык ден соолугун чындоо багытында психологиялык тренингдерди жана маданий программаларды даярдоо жана бекитсин.
4.”Элеттик айымдар күнүн” өткөрүү тартиби
4.1. .”Элеттик айымдар күнү” жыл сайын 18-июнда Каракол айыл аймагынын Каракол айылынын маданият үйүндө же билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт.
4.2.Иш-чаранын программасы төмөнкү бөлүктөрдү камтыйт:
* Расмий бөлүк : Айыл өкмөт башчысынын, айыл аймактын жергиликтүү кенешинин төрагасынын жана келген меймандардын куттуктоо сөздөрү.
* Маалыматтык- консультациялык бөлүк:
Юристтердин жана психологдордун катышуусунда семинар, “ачык микрофон” форматындагы жолугушуулар.
*Маданий бөлүк: Концерттик программа, сахналык көрүнүштөр жана көркөм окуулар.
* Сыйлоо аземи: Номинациялар боюнча ардак грамоталарды жана баалуу белектерди тапшыруу.
5. Номинациялар жана сыйлоо критерийлери
5.1.Катышуучуларды сыйлоо үчүн төмөнкү номинациялар белгиленет:
* ”Үлгүлүү эне”: Көп балалуу, балдарына татыктуу тарбия берген жана коомго үлгү болгон энелер.
* ”Эмгекчил айым”: Айыл чарбасында, билим берүүдө, медицинада же башка тармактарда өзгөчө эмгек синирген аялдар.
* ”Коомдук активист айым”: Айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө демилгечи болгон аялдар.
6.Уюштуруу жана каржылоо
6.1. Иш-чараны уюштуруу Каракол айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн атайын уюштуруу комитетине жүктөлөт.
6.2.Уюштуруу комитети сценарийди иштеп чыгат,конокторду чакырат жана маалыматтык коштоону камсыз кылат.
6.3.Иш- чараны каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган демөөрчүлүк жардамдардын эсебинен ишке ашырылат.
7.Кортунду жоболор
7.1. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин чечими менен киргизилет.
7.2. Жобо бекитилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Б.М.Алымбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.