# Памир-Алай айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 22-майындагы №10 «Жайыт жерлерин чөп жана тоют даярдоо максатында пайдалануу үчүн төлөм өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтом

- Полное наименование: Памир-Алай айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 22-майындагы №10 «Жайыт жерлерин чөп жана тоют даярдоо максатында пайдалануу үчүн төлөм өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтом
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10
- Дата принятия: 22.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.05.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047596>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56005/edition/54745/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.05.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Памир-Алай айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 22-майындагы №10 «Жайыт жерлерин чөп жана тоют даярдоо максатында пайдалануу үчүн төлөм өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтом (ред. от 22.05.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047596

---

ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Памир-Алай айылдык Кеңешинин Ⅰ чакырылышынын кезектеги 6-отурумунун

ТОКТОМУ 2026-жылдын 22-майы №10 «Жайыт жерлерин чөп жана тоют даярдоо максатында пайдалануу үчүн төлөм өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтому менен бекитилген «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү тартибин» жетекчиликке алып, Памир-Алай айылдык кеңеши, токтом кылат:

1.Памир-Алай айыл аймагындагы жайыт жерлерин чөп жана тоют даярдоо максатында пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмү 1 (бир) гектар жер аянтына жылына 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Жайыт жерлерин чөп жана тоют даярдоо максатында пайдаланган жарандар жана юридикалык жактар белгиленген төлөмдү өз убагында төлөөгө милдеттүү деп эсептелсин, түшкөн каражаттар мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү бюджетке түшүрүлсүн.

3.Ушул токтомдун негизинде жайыт жерлерин пайдалануу боюнча келишимдерди түзүү, төлөмдөрдү эсептөө жана өндүрүү иштерин жүргүзүү Памир-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Памир-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

Н. Айтмаматов
