# Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-августундагы № 8/8 "Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-августундагы № 8/8 "Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8/8
- Дата принятия: 12.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230047541>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55976/edition/54695/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-августундагы № 8/8 "Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө" Токтому (ред. от 12.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230047541

---

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 12-августу № 8/8

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-июнундагы №320 токтому менен бекитилген жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 19-майындагы макулдашылган Чет-Нура айыл аймагынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифин бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 19-майындагы макулдашылган Чет-Нура айыл аймагынын калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун тарифи 1 М 3 ичүүчү таза суу үчүн төлөм 21 сом 95 тыйын болуп бекитилсин.

2.Бекитилген токтом менен иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге тапшырылсын.

3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.

Төрага

С. Бектемир уулу
