Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» Токтому
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 28-апрели № 6
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 буйругу менен бекитилген «Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн» тартиби жана Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 21.04.2025-жылдагы №02.2-4/48 сандуу катынын негизинде, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижара акысынын өлчөмү төмөндөгү формуланын негизинде белгиленсин;
ИА¹= БСН * К, мында ИА¹ - 1 га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмү; БСН – айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктын наркы; К – сугат айдоо үчүн бирдей коэффициент; 30 – иш жүзүндөгү сугат жер; 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер; 10 – сугаттын жоктугу.
2. Чет-Нура айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлери төмөндөгү көрсөтүлгөн контурлар боюнча коэффициенттер бекитилсин;
1) Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылындагы 1483 контурундагы 5.2 га, Ак-Кыя айылындагы 1684 контурундагы 23 га, Чет-Нура айылындагы 402419 контурундагы 41,5 га, 454455 контурундагы 19 га, Жака учостогундагы 6 га, Орто-Нура айылындагы 2722 контурундагы 13 га, Шор участогундагы 14,5 га, Ак-Булуң айылындагы 2743 контурундагы 13,3 га жер аянттары 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер
2) Төш-Булак айылындагы 2225 контурундагы 10,3 га, 1283 контурундагы 30 га жер аянттары10 – сугаттын жоктугу.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://chetnura.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага
С. Бектемир уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Приказ Министерства водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности КР от 25 февраля 2025 года № 04-13/59 "Об утверждении Порядка предоставления земель…Приказ · 25.02.2025 · № 04-13/59