Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Алтын-Арашан айылдык аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү жана «Элеттик айымдар күнүн» белгилөө жөнүндө Токтому
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын 04 июнь № 23 Алтын-Арашан айылдык аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү жана "Элеттик айымдар күнүн" белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин жана 39-беренесиинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына, ошондой эле аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын эмгегин баалоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо максатында, Алтын-Арашан жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айылдык аймагында элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу жана менталдык ден соолугуна кам көрүү боюнча Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.2026–2030-жылдар ичинде Алтын-Арашан айыл аймагында 18-июнь «Элеттик айымдар күнү» белгиленсин.
3.Аялдардын коомдогу ролун даңазалоо жана укуктук сабаттуулугун арттыруу максатында айыл окмөтү төмөнкү иш-чараларды камсыз кылсын:
· Аялдардын укуктарын коргоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияларды жана юридикалык кеңеш берүүлөрдү уюштуруу;
· Айылдагы үлгүлүү, эмгекчил жана коомдук иштерде активдүү айымдарды аныктап, сыйлоо аземин өткөрүү;
· Аялдардын менталдык ден соолугун чыңдоо багытында психологиялык тренингдерди жана маданий программаларды даярдасын жана бекитсин.
4.Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлсүн (курамы тиркемеде).
5.Каржылоо маселеси жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жана демөөрчүлөрдүн эсебинен чечилсин.
6. Ушул токтомду Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын, каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн тиешелүү юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Ж.Батамбековага милдеттендирилсин
7.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн.
Төрага А.Токомбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.