Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Терек айылдык кеңешинин “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 01-февралы №204
“Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү жана Республикалык бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү №1 тиркеменин негизинде 2024-жылга карата 29млн 469миң 800сом, мунун ичинен 1млн 850миң сом жайыт пайдалануучулардан, атайын каражаттан 3млн сом , теңдөө гранты-5млн. 265миң 800 сом жана жергиликтүү бюджет 19млн 354миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге тапшырылсын. ( №1тиркеме тиркелет)
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркеменин негизинде 2024-жылга карата 29млн 469миң 800сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга 17425,9миң сом, соц фондко чегерүүлөргө 2222,0 миң сом жана коммуналдык чыгымдарга 990,0миң сом жумшалаары белгиленсин. ( №2тиркеме тиркелет)
3. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 24-беренесинин негизинде, жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1пайызга чейинки же болбосо 192миң сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
4. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинде 2024-жылдын 01-январына карата калган калдык негизги каражаттан 2млн.939 миң 200 сом. Атайын каражаттан калган калдык 397миң 400миң сомду түзүп, аппараттын эсебинде калган. Көрсөтүлгөн акча каражаттары №3 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин. Жайыт комитетинен калган калдык 79миң 200 сомду түзөт. ( №3тиркеме тиркелет)
5. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин киреше бөлүгү №4 тиркеменин негизинде, Кара-Көл жайыт пайдалануучулардан 802миң 760 сом, жергиликтүү салыктардан топтоонун көлөмү 1млн.047миң 240сом, жалпы 2024-жылга карата жалпы 1млн. 850миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо жайыт комитетине тапшырылсын. ( №4тиркеме тиркелет)
6. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетинин чыгаша бөлүгү №4 тиркеменин негизинде 2024-жылга карата 1млн. 850 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга- 537 миң сом, соц. фондко чегерүүлөргө-92миң 633 сом, сапар чыгымга 35миң сом, ар кандай чыгымдарга 186миң 077 сом, канцелярдык товарларды сатып алууга 15миң сом, 6% бирдиктүү салыкка-111 миң сом жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга-873миң 290сом жумшалаары белгиленсин. ( №4тиркеме тиркелет)
7.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жылга карата аткарыла турган иш –чаралар планы №5 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№5тиркеме тиркелет)
8. Республикалык теңдөө грантынан каржылоо 2024-жылга карата 2млн 313миң 200сомго кыскаргандыгына байланыштуу, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн бюджети дефицит менен бекитилип жаткандыктан, аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы ПЖ №278 ”Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө” Жарлыгын негиздеп, кызматкерлерди 5% кыскартууга макулдук берилсин.
9. Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 40-беренесинин 6-бөлүгүнө, 41-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана КР министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 13-январындагы №4 “ Коомдук башталышта иштеген жергиликтүү кеңештердин төрагаларына жана аларды алмаштырган учурда орун басарларына төлөнүп берилүүчү бир жолку компенсациянын өлчөмүн аныктоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ буйругунун негизинде, жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
10. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевге милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
12. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
13. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы
А.Дөөлөткелдиев
2024-жылдын 01-февралындагы Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясынын №204 токтомуна
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн киреше булактарынын 2024-жылга карата берилген план боюнча маалымат
к/№
Киреше булактары
2024-жыл
Берилген план (миң сом)
Аткары-лышы (миң сом)
Өсүү темпи (миң сом)
1
Салык агенттеринен алынуучу киреше салыгы
15305,0
15305,0
0,0
2
Патенттик негизде алынуучу киреше салыгы
571,0
571,0
0,0
3
Жеке тараптардан алынуучу короо жай жана дачалык участоктордон алынуучу жер салыгы
260,0
400,0
140,0
4
Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы
1520,0
1590,0
70,0
5
Кыймылдуу мүлк салыгы (транспорт)
800,0
990,0
190,0
6
Турак жайларга мүлк салыгы
1,5
1,5
0,0
7
Турак эмес жайларга мүлк салыгы
16,5
16,5
0,0
8
Жалпы:
18474,0
18874,0
400,0
9
КБФ жер ижарасы
360,0
380,0
20,0
10
Калктуу конуштарга жер ижарасы үчүн акы
100,0
100,0
0,0
11
Салык эмес жыйымдар
460,0
480,0
20,0
Жалпы
18934,0
19354,0
840,0
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Байсабаев ФЭБ башчысы: М.Калбаев Салык кызматкери: Б.Оморова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 26-июня 2021-года УП № 278 "О сокращении численности государственного аппарата"Указ · 26.06.2021 · № 278 · Утратил силу