Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 2026-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө» Токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-майы № 22 Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 2026-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 27-апрелиндеги №144 сунушунун негизинде, Ат-Башы айыл аймагында жайыттарды натыйжалуу пайдалануу тартибин жөнгө салуу жана жайыт ресурстарын туура башкарууну камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн элдик жыйындын сунуштарын карап чыгып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 2026-жылга карата ички тартип эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тилкелет 2 (эки) баракта.)
2. Бекитилген ички тартип эрежелерин жайыт пайдалануучуларга жеткирүү, түшүндүрүү жана алардын аткарылышын камсыз кылуу жагы «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кеңешинин жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага
У. Мелис уулу
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы кезектеги XX сессиясынын №22 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 2026-жылга карата ички тартип эрежелери
1. Ат-Башы айыл аймагынын тургундары жайыт пайдалануу үчүн акыга ар бир баш кой-эчкиге 20 (жыйырма) сомдон, бодо малга 100 (бир жүз) сомдон төлөсүн;
2. Башка айыл өкмөттөрдүн жайыттарына малын жайып келген жарандарга эскертүү: Жайыт акысы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанциясын көрсөтүүгө милдеттүү, эгерде тиешелүү квитанция көрсөтүлбөсө, жайыт акысы Ат-Башы айыл аймагынын муниципалдык ишканасына төлөнүүгө тийиш;
3. Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген жарандарга жайыт акысы келишимдин негизинде белгиленсин;
4. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун талаптарына ылайык иш алып барылсын;
5. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жайыт жерлеринин кыртышын бузууга жол берилбесин;
6. Жайытты чөп чабынды катары колдонуп жаткан аянттын ар бир сотых аянтына 15 (он беш) сомдон акы алынсын;
7. Келишим түзүлбөй жайыт жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн;
8. Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көрсөтүлгөнкөчүү мөөнөтүнөн кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде айып акылар белгиленсин;
9. Ички жайыттарга Ат-Башы, Ак-Жар айылдарынын тургундары үчүн 2026-жылдын 20-апрелинен калбай, Ача-Кайынды айылынын тургундары үчүн 2026-жылдын 1-майынан калбай көчүрүлсүн;
10. 2026-жылдын 1-майынан тартып жазгы айдап-себүү жана күзгү ооруп-жыюу мезгилине чейинки аралыкта айыл өкмөттүн жер адистери, жайыт кызматкерлери, жер пайдалануучулар менен биргеликте корук уюштурсун;
11. Жайкысы сарайларга саап ичкенге 1(бир) баш уй жана мингенге 1(бир) баш атка уруксат берилсин;
12. Жайкысын ички жайыттардан аба ырайынын шарттарын эске алуу менен Ак-Жар жана Ат-Башы айылдарынын мал жандыктары 2026-жылдын 20-майынан кечиктирилбестен, ал эми Ача-Кайынды айылынын мал жандыктары 2026-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен алыскы жайыттарга көчүрүлсүн;
13. Алыскы жана ортоңку жайыттарга белгиленген жана эскертилген убакта ортоңку жана алыскы жайлоолорго көчпөстөн, малдары айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлсүн;
14. Айыл өкмөтүнүн ички тартип эрежелерин бузуп, алыскы жайытка малын көчүрбөстөн корук учурунда камакка түшүп, тиешелүү актылар түзүлгөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин;
-1 баш бодо малга 1000 (бир миң)сом. -1 баш кой, эчкиге 100 (бир жүз)сом.
15. 2026-жылдагы мал багуу (бада) акысы бодо малдын бир башына төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Ача-Кайынды айылы үчүн - 800 (сегиз жүз) сом;
- Ат-Башы жана Ак-Жар айылдары үчүн - 600 (алты жүз) сом.
- Ат-Башы жана Ак-Жар айылдары боюнча мал багуучу аты айыл өкмөт тарабынан дайындалат.
16. Чабандардын мал багуудагы акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
- майда жандыктар үчүн – 100 (бир жүз) сом;
- бодо мал үчүн – 600 (алты жүз) сом.
17. Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жайыт жерлеринин айланасын тосууга тыюу салынсын;
18. Дыйкандардын оруп-жыюу иштери бүткөндөн кийин жайлоодон көчүп келүүгө 2026-жылдын 1-октябрынан тартып уруксат берилсин;
19. Ушул ички тартип эрежелерин бузган жарандарга мыйзамга ылайык чара көрүү жагы Ат-Башы айыл аймагынын Аксакалдар сотуна милдеттендирилсин.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 30 мая 2025 года № 301 "О регулировании в сфере управления и использования пастбищ"Постановление · 30.05.2025 · № 301