Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ат-Башы айылындагы “К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесине кошумча план берүү жөнүндө» Токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-майы № 16
Ат-Башы айылындагы “К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесине кошумча план берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин “К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесине кошумча план берүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде киргизген сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229 токтомун аткаруу, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну колго алуу максатында, Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинде кошумча ачылган тайпага 2026-жылдын 2-мартынан тарта кабыл алынган 16 баланын тамак-ашы үчүн 134 400 (бир жүз отуз төрт миң төрт жүз) сом кошумча планга киргизүүгө макулдук берилсин.
2. “К. Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин жайкы мезгилде (июнь-июль айларында) 70 балага ишин үзгүлтүксүз улантуусу үчүн талап кылынган 170 000 (бир жүз жетимиш миң) сом кошумча планга киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага
У. Мелис уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.