Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыдыр Аке айыл аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү жана «Элеттик айымдар күнүн» белгилөө жөнүндө токтому
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
№43 05.06.2026
Кыдыр Аке айыл аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү жана "Элеттик айымдар күнүн" белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына, ошондой эле аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын эмгегин баалоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренесине ылайык Кыдыр Аке жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагында элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу жана менталдык ден соолугуна кам көрүү боюнча Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыдыр Аке айыл аймагында 18-июнь — «Элеттик айымдар күнү» деп белгиленсин.
3. Аялдардын коомдогу ролун даңазалоо жана укуктук сабаттуулугун арттыруу максатында айыл өкмөтү төмөнкү иш-чараларды камсыз кылсын:
- Аялдардын укуктарын коргоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияларды жана уюштуруу комитети тарабынан кеңеш берүүлөрдү уюштуруу;
- Айылдагы үлгүлүү, эмгекчил жана коомдук иштерде активдүү айымдарды аныктап, сыйлоо аземин өткөрүү;
- Аялдардын менталдык ден соолугун чыңдоо багытында психологиялык тренингдерди жана маданий программаларды даярдасын жана бекитсин.
4. Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлсүн.
5. Каржылоо маселеси жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жана демөөрчүлөрдүн эсебинен чечилсин.
6. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
7. Бул токтомду аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер (маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, спорт, жаштар жана гендердик саясат) боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.М.Усубакуновго жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №43 токтом менен бекитилди
Кыдыр Аке аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу жана менталдык ден соолугуна кам көрүү боюнча ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыдыр Аке айыл аймагында жашаган аялдардын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу, алардын коомдук турмушка катышуусун активдештирүү жана психологиялык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.
1.2. Жобонун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин инсандын руханий өнүгүүсү жөнүндө жарлыктары түзөт.
2. Жобонун максаттары жана милдеттери
2.1. Максаты: Элеттик айымдардын коомдогу ордун даңазалоо, ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана иш тажрыйбасын жайылтууга көмөктөшүү
2.2. Милдеттери:
• Аялдардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу;
• Аялдардын менталдык (психикалык) ден соолугун чыңдоо жана моралдык колдоо көрсөтүү;
• Үлгүлүү үй-бүлөлөрдү жана коомдук иштерде активдүү айымдарды аныктоо.
3. Аялдардын коомдогу ролун даңазалоо жана укуктук сабаттуулугун арттыруу максатында айыл өкмөтү жана уюштуруу комитети тарабынан төмөнкү иш-чаралар камсыз кылынат:
3.1. Аялдардын укуктарын коргоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык компанияларды жана уюштуруу комитети тарабынан кеңеш берүүлөрдү уюштуруу;
3.2. Айылдагы үлгүлүү, эмгекчил жана коомдук иштерде активдүү айымдарды аныктоо;
3.3. Аялдардын менталдык ден- соолугун чыңдоо багытында психологиялык тренингдерди жана маданий программаларды даярдоо жана бекитсин.
4. "Элеттик айымдар күнүн" өткөрүү тартиби :
4.1. "Элеттик айымдар күнү" жыл сайын 18-июнда Кыдыр Аке айыл аймагында өткөрүлөт.
4.2. Иш-чаранын программасы төмөнкү бөлүктөрдү камтыйт:
Расмий бөлүк: Айыл өкмөт башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын жана келген меймандардын куттуктоо сөздөрү; Ишкер айымдардын иш тажрыйбасы менен бөлүшүү- видео түрмөк көрсөтүү Маалыматтык-консультациялык бөлүк: Юристтердин жана психологдордун катышуусунда семинарлар, "ачык микрофон" форматындагы жолугушуулар. Турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон айымдарга психологиялык жардам-мастер класс Маданий бөлүк: Концерттик программа, сахналык көрүнүштөр жана көркөм окуулар.
5. Уюштуруу жана каржылоо
5.1. Иш-чараны уюштуруу Кыдыр Аке айыл өкмөтү жана атайын уюштуруу комитетине жүктөлөт.
5.2. Уюштуруу комитети сценарийди иштеп чыгат, конокторду чакырат жана маалыматтык коштоону камсыз кылат.
5.3. Иш-чараны каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган демөөрчүлүк жардамдардын эсебинен ишке ашырылат.
6. Корутунду жоболор
6.1. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин чечими менен киргизилет.
6.2. Жобо бекитилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Б.С.Акунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.