# II чакырылышынын кезектеги 14-сессия токтому

- Вид акта: Постановление
- Номер: 40
- Дата принятия: 26.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.06.2026
- Язык текста: русский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/doc/230046978>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55622/edition/54063/ru>
- Текст на другом языке (Markdown): <https://aqlex.ai/kg/doc/230046978.md>

> Текст приведён по редакции от 11.06.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: II чакырылышынын кезектеги 14-сессия токтому (ред. от 11.06.2026) - https://aqlex.ai/doc/230046978

---

КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛУКТУУ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

IIчакырылышынкезектеги14-сессиясы

26.05.2026 №40

Пилоттук негизде Ак-Суу районунун айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкананы түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасыны Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ№158 “Пилоттук режимде айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү боюнча иштин натыйжалуугунун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү кеңештин айылдык аймактын чегинде (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылдык көрктөндүрүү жана транспорт) маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Пилоттук негизде Ак-Суу районунун айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкананы түзүүгө макулдук берилсин.

2. Пилоттук негизде адистештирилген муниципалдык ишкана айыл өкмөтүнүн алдындагы

“Ак-Суу коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын базасында түзүлсүн.

3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык аймактын чегинде (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылдык көрктөндүрүү жана транспорт) маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.А.Арымбаевге жүктөлсүн.

Төрага Б.С.Акунов
