# Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 38
- Дата принятия: 26.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.06.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046974>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55620/edition/54059/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.06.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө токтому (ред. от 11.06.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046974

---

КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛУКТУУ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

IIчакырылышынын кезектеги 14-сессия

26.05.2026 №38

Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы №193 “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесинин 2 жана 7-пунктарынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экологиялык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн Кыдыр Аке №49 көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик тарыхый-аймак тануу музейинин имаратын айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берилсин.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдө жагы муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экологиялык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.С.Кыдыровго жүктөлсүн.

Төрага Б.С.Акунов
