Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө токтому
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛУКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
IIчакырылышынын кезектеги 14-сессия
26.05.2026 №38
Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы №193 “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесинин 2 жана 7-пунктарынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экологиялык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн Кыдыр Аке №49 көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик тарыхый-аймак тануу музейинин имаратын айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдө жагы муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экологиялык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.С.Кыдыровго жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О музеях и Музейном фонде Кыргызской Республики»Закон · 24.07.2015 · № 193