# Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-февралындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу тууралуу" токтому

- Полное наименование: Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-февралындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу тууралуу" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 13.02.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.02.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046960>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55607/edition/54044/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.02.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-февралындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу тууралуу" токтому (ред. от 13.02.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046960

---

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 12 - сессиясы

2026-жылдын 13-февралы № 31 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунда көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу максатында, ошондой эле Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майдан айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын алдын ала брондоо тартиби бекитилсин.

2. Майдан айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын алдын ала брондоо үчүн төлөм 50000 (элүү мин) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Көмүү жайларын брондоодон түшкөн акча каражаттары көрүстөндөрдү көрктөндүрүү, тазалоо, иретке келтирүү жана жашылдандыруу иштерине жумшалсын.

4. Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому менен бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышы Майдан айыл өкмөтүнө жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.

6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Юлдашов
