# Ынтымак айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25- мартындагы №16/3 Ынтымак аймагынын Жаны-Арык №70 И.Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чындоо жөнүндөгү долборду Кару-Суу райондук өнүктрүү Фондуна сунуштоо жөнүндө токтому

- Полное наименование: Ынтымак айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25- мартындагы №16/3 Ынтымак аймагынын Жаны-Арык №70 И.Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чындоо жөнүндөгү долборду Кару-Суу райондук өнүктрүү Фондуна сунуштоо жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16/3
- Дата принятия: 18.05.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.05.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046737>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55470/edition/53743/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.05.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ынтымак айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25- мартындагы №16/3 Ынтымак аймагынын Жаны-Арык №70 И.Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чындоо жөнүндөгү долборду Кару-Суу райондук өнүктрүү Фондуна сунуштоо жөнүндө токтому (ред. от 18.05.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046737

---

Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 25-марты № 16/3 Жаңы-Арык айылы

Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоорду Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтомуна ылайык, Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Г. Махкамбаеванын Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоорду Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоору Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджети тартыштыгына байланыштуу Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага А. Дунаев
