Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Балыкчы шаарынын аймагында органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө токтому
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIII–СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 19-май айы №109
Балыкчы шаарынын аймагында органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралы № 40 Жарылыгын ишке ашыруу максатында, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги №01-13/1441 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы Социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика жана регламент маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Балыкчы шаарынын аймагында органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы Социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика жана регламент маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев
БЕКИТИЛДИ Балыкчы шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын XXIII сессиясынын №109 токтомунун 1-тиркемеси
2026 – жылдын 19- майы
Балыкчы шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планы
№
Иш-чаралардын аталышы
Аткаруу мөөнөтү
Өткөрүлүүчү жери
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
1.
Органикалык айыл чарба продукциясынын шаардык жарманкесин жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн катышуусу менен уюштуруу
Жыл сайын (сентябрь)
Балыкчы шаарынын Токтосунов көчөсү (Соцфонд имаратынын мандайында)
Балыкчы шаарынын мэриясы, “Мүлк” муниципалдык ишканасы
Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде
2.
Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн органикалык продукциясынын көргөзмөлөрүн жана даамдап көрүүлөрдү өткөрүү
Жыл сайын (сентябрь)
Балыкчы шаарынын Токтосунов көчөсү (Соцфонд имаратынын мандайында)
Балыкчы шаарынын мэриясы, “Мүлк” муниципалдык ишканасы
Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде
3.
Билим берүү уюмдарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн тематикалык сабактарды, конкурстарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу менен өткөрүү
Жыл сайын (сентябрь)
Балыкчы шаарынын билим берүү уюмдары (мектеп, бала бакчалар)
Балыкчы шаарынын мэриясы, Билим берүү бөлүмү
Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде
4.
Окуучулар үчүн органикалык өндүрүш жана туура тамактануу темалары боюнча билим берүү жана агартуу иш-чараларын уюштуруу
Жыл сайын (сентябрь)
Балыкчы шаарынын жалпы билим берүү уюмдары
Балыкчы шаарынын мэриясы
Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде
5.
Экологиялык таза продукцияны, сергек жашоо образын жайылтууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган экологиялык акцияларды, флешмобдорду өткөрүү
Жыл сайын (сентябрь)
Балыкчы шаарынын сейил бактары, административдик райондордун муниципалдык администрациялары тарабынан аныкталган башка жерлер
Балыкчы шаарынын мэриясы, ЖДПБ
Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде
6.
Соода субъекттерине жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн органикалык продукциясын сатуу үчүн адистештирилген бурчтарды (текчелерди) уюштурууну сунуштоо
Ар дайым
Соода борборлору
Балыкчы шаарынын мэриясы, “Мүлк” муниципалдык ишканасы
Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде
7.
Иш-чараларга катыштыруу үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана фермердик чарбалар менен кызматташууну уюштуруу
Жыл сайын (август-сентябрь)
Балыкчы шаары
Балыкчы шаарынын мэриясы, “Мүлк” муниципалдык ишканасы
Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде
Балыкчы шаарынын мэриясынын экономика жана Аймакты өнүктүрүү секторунун башкы адиси А.Р. Кулушев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.