# Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-майындагы №5 «Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмү салык жыйым түрү боюнча» токтому

- Полное наименование: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-майындагы №5 «Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмү салык жыйым түрү боюнча» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 23.05.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.05.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046307>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79077/edition/53258/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.05.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-майындагы №5 «Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмү салык жыйым түрү боюнча» токтому (ред. от 23.05.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046307

---

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2025-жылдын 23-майындагы №5

«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмү салык жыйым түрү боюнча»

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмү салык жыйым түрү боюнча, киреше салыгынан (подоход) 10% республикалык бюджетке чегерилгендиктен жана жаңы жумуш орундары жок болгондуктан 1-жарым жылдыкта 1200,0 миң сомго айыл өкмөтүндө лицензиялануучу ишканалар жок болгондугуна байланыштуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан 88,7 миң сомго толбой калышы күтүлүүдө. Ошол себептен, жогоруда көрсөтүлгөн суммаларды 2025-жылдын 1-жарым жылдык бекитилген киреше планынан кыскартуу маселеси боюнча, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сунушта көрсөтүлгөн суммаларды кыскартуу боюнча, Базар-Коргон райондук финансы башкармалыгы менен такташууну жана үнөмдөлгөн беренелер аркылуу сатуу киреше планынан кыскартуу жагы Базар-Коргон райондук финансы башкармалыгына сунушталсын жана келип чыккан айырманы беренелер аркылуу кыскартып, иштетүү жагы ФЭБ башчы К.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.А.Анарбаев
