Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сайдыкум айылдык кеешинин;4 «Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Падачы участкасындагы 301,4 га жер аянтына Күн Электр станциясын орнотуу жөнүндө» токтому
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 23-апрелиндеги №4
«Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Падачы участкасындагы 301,4 га жер аянтына Күн Электр станциясын орнотуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы “Энергияны кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” №62 Жарлыгын жана 2023-жылдын 24-июлундагы “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” №178 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Падачы участкасындагы 301,4 га жер аянтына Күн Электр станциясын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жобонун” талаптарына ылайык, 301,4 га жер аянтын “Айыл чарба жерлери” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” жобонун негизинде, мерченделген 301,4 га жер аянтына Күн Электр станциясын куруу үчүн тийиштүү категориясына которулсун.
2. Категориясын которууга тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.А.Анарбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.