# Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №3 «Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №3 «Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 19.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046277>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79064/edition/53228/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №3 «Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө» токтому (ред. от 19.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046277

---

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2025-жылдын 19-мартындагы №3

«Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марты №37 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын Жобосунун 1-беренесине негиз, Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы №44 А.Жумабаева жалпы билим берүүчү орто мектебинин муниципалдык менчиктеги 3-02-05-0004-1094 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 21849,25 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен 2000,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплексин салууга жер аянты бөлүп берүү жана долбоордук сметалык документтерди даярдоо жагы демилгечи топтун башчысы Б.Абдикалил уулуна жүктөлсүн.

2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы №44 А.Жумабаева жалпы билим берүүчү орто мектебинин муниципалдык менчиктеги 3-02-05-0004-1094 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 21849,25 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен 2000,0 чарчы метр муниципалдык жер аянтын спорт комплексин салууга мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабековага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.А.Анарбаев
