# Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-мартындагы "Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө" №2 токтому

- Полное наименование: Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-мартындагы "Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө" №2 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 26.03.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.03.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046132>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55188/edition/53070/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.03.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-мартындагы "Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө" №2 токтому (ред. от 26.03.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046132

---

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 26-марты №2

Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 токтомун жана “Тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ала-Буга айыл аймагындагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилеринин документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча, Ала-Буга айылдык кеңеши сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2018-жыл 30-июль №15/2 токтому, Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жыл 24-февраль №20/12 токтому, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жыл 3-февраль №3/17 токтому жокко чыгарылсын.

2. Ала-Буга айыл аймагындагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери болуп саналган:

Мынакелди шаар калдыгы Шырдакбектин коргону

Чолок-Коргон чеби, мурда кабыл алынган токтомдор жокко чыгарылып айыл аймактын балансынан чыгарылсын.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн тарыхый-маданий мурас объектилери мамлекеттик менчикке өткөрүлүп, Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн эсебине берилсин.

4. Бул объектилер боюнча тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык келтирүү иштери Ала-Буга айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Бактыбай уулу Кубанычбек
