# Ак-Татыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №72 "Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №72 "Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 72
- Дата принятия: 09.04.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.04.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046031>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55118/edition/52964/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.04.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №72 "Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 09.04.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046031

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XII сессиясы

2026-жылдын 9-апрели № 72

Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токой чарба кызматынын Баткен токой чарбасынын 2025-жылдын 8-апрелиндеги №01-06/50 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартиби жөнүндө” токтомунун “Чөп чабуу жана мал жаюу“ 40-41-пункттарын негиз кылып. Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитети иштеп чыккан бааларга ылайык, карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кекешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат

1. Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуу үчүн мал башына төлөнүүчү тарифи таблицада көрсөтүлүп бекитилди.

1

Ийри муйуздуу малдар учун (КРС)

1 айга 30 сом

30\*5=150 сом

2

Музоолору учун

1 айга 20 сом

20\*5=100 сом

3

Майда малдар учун (МРС)

1 айга 8 сом

8\*5=40 сом

4

Козу-улактар учун

1 айга 8 сом

8\*5=40 сом

5

Жылкылар учун

1 айга 40 сом

40\*5=200 сом

6

Кулундар учун

1 айга 20 сом

20\*5=100 сом

7

Топоздор учун

1 айга 30 сом

30\*5=150 сом

8

Мамалактары учун

1 айга 30 сом

30\*5=150 сом

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага:

Т.Исманов
