# Ак-Татыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №68 "Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №28 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №68 "Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №28 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 68
- Дата принятия: 09.04.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.04.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046023>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55110/edition/52955/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.04.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги №68 "Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №28 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 09.04.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046023

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XII сессиясы

2026-жылдын 9-апрели № 68 Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №28 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомунун “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” Мамалекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 13-мартындагы №024/25/03-6/173 катын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык “Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында” карап талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:

1.Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №28 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин төмөндөгүдөй баяндалсын.

- мекеме ишканалар үчүн ар бир кызматкерге 100 сом болуп бекитилсин.

- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп окулсун.

- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарын төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп окулсун.

2.Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартында №28 “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтү” жөнүндө токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.Ак-Татыр айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноо жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия төрагасы А.Кулмурзаевге жүктөлсүн.

5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

7. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага:

Т.Исманов
