Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын экономкалык-пландоо зоналарынын Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ» токтому
Документ утратил силу
Документ помечен как «Утратил силу» в реестре. Не следует ссылаться на него в действующих документах без проверки актуальной редакции. Утратил силу в соответствии с «Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 2 "Жалал-Абад шаарында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ" токтому». Текущая редакция датирована 2023-09-28.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 2 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ IX чакырылыш кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 1
Жалал-Абад шаарынын экономкалык-пландоо зоналарынын Кз зоналык коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын 21.10.2021-жылдагы чыг.№048/21/08-07-01/7092-каты жана катка тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын 12-ноябрь 2021-жылдагы жыйынында каралып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна таянып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 04.12.2018-жылдагы XIII сессиясынын №1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын айыл чарбасынын багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналык коэффициенттин (Кз) шаардын экономикалык-пландоо зоналары боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
· Биринчи зонага -1,2
· Экинчи зонага -1,2
3. Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысына 2022-жылдын 1-январынан тартып салык жыйноодо ушул токтомду колдоого алып, иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Н.Орозбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 1 "Жалал-Абад шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын Кz зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2018 · № 1 · Утратил силу