# Нарын шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүү жөнүндө" №5 токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүү жөнүндө" №5 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 29.04.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.04.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045977>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55094/edition/52910/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.04.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүү жөнүндө" №5 токтому (ред. от 29.04.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045977

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 29-апрели №5

Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабрындагы №805 токтомунун негизинде Нарын шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген (Ага Хан фонду тарабынан берилген) жер тилкелеринин ичинен көп кабаттуу ипотекалык турак жайларды курууга ылайыктуу болгон 10 (он) га жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компанияга бөлүп берүү пландалган. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

1. Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Жер тилкесин өткөрүп берүүдөгү иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Ж. Эсеналиев
