Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз-ата айылдык кеңешинин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө токтом
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 11-сессиясынын ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №2 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-жана 102-беренелерине таянып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы №5 отурумунун корутундусуна, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 46 894 200 (кырк алты миллион сегиз жүз токсон төрт миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашы үчүн 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына ата-энелердин эсебиндеги атайын каражаттарды эске алуу менен 8 600 000 (сегиз миллион алты жүз миң) сом каражат бекитилсин, жыл ичинде кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен 1 900 000 (бир миллион тогуз жүз миң) сомго тактоолор жүргүзүлсүн.
3. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше булактары жана чыгаша багыттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Атайын каражаттардын иш жүзүндөгү түшүүсү бекитилген пландан ашкан учурда, тиешелүү өзгөртүүлөрдү казыналыктын сметасына киргизүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктын эсебинен тышкары (касса аркылуу) накталай чыгымдоого катуу тыюу салынсын.
5. Бюджеттин киреше бөлүгү ашыгы менен аткарылган учурда, ал каражаттарды бөлүштүрүү айылдык кеңештин чечими менен гана жүргүзүлөт.
6. Бюджеттик каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылуу жоопкерчилиги айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясынын төрагасы Жунусов Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага
Б.Дүйшөев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.