Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин «Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIV сессиясы (VIII чакырылыш) 2026-жылдын 9-апрели №24/103
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүү жөнүндөгү маселе шаардык кенештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-мартындагы №13 протоколуна таянып, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2026-жылдын 10-мартындагы №01-14/973 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында сентябрдын акыркы жума күнү жыл сайын өткөрүлүүчү Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү деп белгиленсин.
2. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүүнүн иш-чаралар планы бекитилсин (тиркеме-1).
3. “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүүнүн иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан “Жаш фермерлер жөнүндө” Жобосу бекитилсин (тиркеме-2).
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
А.Мурзаев
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
2026-жылдын 9-апрелиндеги кезектеги 24-сессиясынын № 24/103 токтомуна тиркеме-1
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүүнүн иш-чаралар планы
№
Иш-чаранын мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Жооптуу тараптар
Каржылоо булагы
Көзөмөл
1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» Жарлыгын аткарууга алуу жана тиешелүү уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү
2026-жыл ичинде, туруктуу
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы
Жергиликтүүбюджеттин каражаттарынын чегинде
Ж. Курбанов
2
Улуттук күндү расмий ачуу салтанатын өткөрүү (салтанаттуу куттуктоо, желектерди илип чыгуу, баннер-плакаттарды жайгаштыруу, медиа чагылдыруу)
2026-жылдын сентябрь айынын акыркы жумасы
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Муниципалдык менчик департаменти
Шаардык бюджет
Ж. Курбанов
3
Фермерлер үчүн органикалык дыйканчылык технологиялары боюнча семинарларды, тренингдерди жана мастер-класстарды өткөрүү
Жыл ичинде
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, ДМС, №8 Н. Мусаев атындагы лицей, айыл чарба тармагындагы адистер
Долбоордук жана башка булактар
Ж. Курбанов
4
Балдар жана жаштар үчүн интерактивдүү жана агартуу иш-чараларын уюштуруу (сүрөт сынактары, конкурстар, оюн программалары, мини-ферма форматындагы көргөзмөлөр)
Сентябрь айы
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы
Шаардык бюджет
И. Бабаев
5
Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн органикалык өндүрүш жана тура тамактануу боюнча лекцияларды уюштуруу
Жыл ичинде
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, билим берүү мекемелери
Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде
И. Бабаев
6
Медиа жана социалдык маалыматтык кампания жүргүзүү (видеороликтерди даярдоо, социалдык тармактарга маалымат жайгаштыруу, жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүү)
Жыл ичинде
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы
Каралган каражаттардын чегинде
Ж. Курбанов
7
«Жаш фермерлер» жөнүндө жобону иштеп чыгуу, конкурстарды уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо
Сентябрь айы
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, билим берүү бөлүмү
Мыйзамдарда тыюу салынбаган булактар
И. Бабаев
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
2026-жылдын 9- апрелиндеги кезектеги 24-сессиясынын № 24/103 токтомуна тиркеме-1
“Жаш фермерлер жөнүндө” Жобо
I. Жалпы жобо
II. Негизги максаты жана милдеттери III. Катышуучулар IV. Конкурсту уюштуруу тартиби
V. Баалоо критерийлери
VI. Сыйлоо жана колдоо VII. Каржылоо VIII. Жоопкерчилик жана көзөмөл IX. Жыйынтык
I. Жалпы жоболор
1.1. Жобо Кызыл-Кыя шаарынын аймагында «Жаш фермерлер» демилгесин ишке ашыруунун тартибин, максаттарын, милдеттерин жана уюштуруу механизмдерин аныктайт.
1.2. Жобо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.3. «Жаш фермерлер» демилгеси жаштарды айыл чарба тармагына тартууга, органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө, экологиялык таза продукцияны жайылтууга жана ишкердик көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
1.4. Ушул Жобо Кызыл-Кыя шаарынын аймагында өткөрүлүүчү конкурстарга жана ага байланыштуу иш-чараларга милдеттүү түрдө колдонулат.
II. Негизги максаты жана милдеттери
2.1. Демилгенин негизги максаты: жаштарды айыл чарба тармагына тартуу жана кызыктыруу, органикалык дыйканчылыкты жана фермерлик ишмердүүлүктү өнүктүрүү, жаш фермерлерди колдоо, алардын демилгелерин илгерилетүү жана шыктандыруу.
2.2. Негизги милдеттери: жаш фермерлер арасында конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү, инновациялык, натыйжалуу жан аэкологиялык таза айыл чарба долбоорлорун аныктоо, билим берүү, окутуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, жаштардын ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүү, ийгиликтүү катышуучуларды сыйлоо жана аларды андан ары колдоо.
III. Катышуучулар
3.1. Конкурска 14 жаштан жогору жарандар катыша алышат.
3.2. Катышуучулар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жашаган же иш алып барган жаран болууга, айыл чарба багытында конкреттүү долбоору же негизделген идеясы болууга, органикалык өндүрүштүн жана экологиялык коопсуздуктун принциптерин сактоого, конкурстун талаптарын жана шарттарын аткарууга макул болууга.
IV. Конкурсту уюштуруу тартиби
4.1. Конкурс жыл сайын сентябрь айында өткөрүлөт.
4.2. Конкурсту уюштуруучулар: Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, билим берүү бөлүмү, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер.
4.3. Конкурсту өткөрүү төмөнкү этаптарды камтыйт: конкурсту жарыялоону жүргүзүү, катышуучулардан арыздарды кабыл алуу, документтерди алдын ала кароо, эксперттик баалоо жана тандоо, финалдык этап (долбоорлорду презентациялоо), жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо.
4.4. Конкурсту өткөрүү үчүн уюштуруу комитети жана эксперттик комиссия түзүлөт.
V. Баалоо критерийлери
5.1. Катышуучулардын долбоорлору төмөнкү критерийлер боюнча бааланат: идеянын жаңычылдыгы жана актуалдуулугу, экономикалык натыйжалуулугу жана туруктуулугу, экологиялык коопсуздугу жана органикалык талаптарга шайкештиги, долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, социалдык жана аймактык мааниси, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу деңгээли.
5.2. Баалоо эксперттик комиссия тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
VI. Сыйлоо жана колдоо
6.1. Конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй сыйлыктар менен сыйланат: дипломдор, грамоталар жана ыраазычылык каттар, акчалай же материалдык сыйлыктар (каржылык мүмкүнчүлүктөргө жараша), баалуу белектер жана сертификаттар.
VII. Каржылоо
7.1. Конкурсту жана ага байланыштуу иш-чараларды каржылоо төмөнкү булактардын эсебинен жүргүзүлөт: жергиликтүү бюджеттин каражаттары, демөөрчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн каражаттары, эл аралык жана жергиликтүү долбоорлор, мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактар.
VIII. Жоопкерчилик жана көзөмөл
8.1. Ушул Жобонун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө Кызыл-Кыя шаарынынм эриясына жүктөлөт.
8.2. Уюштуруучулар жана жооптуу кызмат адамдары конкурсту өткөрүүнүн сапаты жана ачык-айкындуулугу үчүн жоопкерчилик тартышат.
IX. Жыйынтык
9.1. Жобо Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясында каралып, бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте киргизилет.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.