# Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №24 "“Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна "Надир-Западный"кенинин "Линза-12" участогунда темир кенин иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №24 "“Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна "Надир-Западный"кенинин "Линза-12" участогунда темир кенин иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24
- Дата принятия: 03.04.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.04.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045855>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55001/edition/52783/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.04.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Орозбеков айылдык кенешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №24 "“Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна "Надир-Западный"кенинин "Линза-12" участогунда темир кенин иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 03.04.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045855

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Орозбеков айылдык кеңешинин он бешинчи сессиясы

2026-жылдын 3-апрели № 24

“Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна "Надир-Западный"кенинин "Линза-12" участогунда темир кенин иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап, “Южно-Кыргызский цемент” ЖАКнун өкүлүнүн баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине , “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 40-беренелерин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:

“Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна Сары-Талаа айылынын "Надир-Западный" кенинин "Линза-12" участогунан темир казып алууга алган 2024-жылдын 7-мартындагы №7480МЕ лицензиясын иштетүүгө макулдук берилсин. “Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна экологиялык экспертиза жүргүзүү жана тиешелүү мекеме-ишканалардан корутунду алуу эскертилсин. Орозбеков айыл аймагынын Надиркен участкасында темир кен байлыгын казып алуу үчүн “Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна 2007-жылдын 25-июнундагы №1183 лицензиясы берилген. Лицензиянын негизинде аталган ишкана Надиркен участкасынан 7, 8 га жер аянтына темир кен байлыгын казып алуу үчүн 2015-жылдын 23-январында Орозбеков айыл өкмөтү менен №6 сандуу лицензиялык макулдашуу түзүлүп, темир кен байлыгын казып алуу башталган.

“Южно-Кыргызский цемент” ЖАК тарабынан пайдаланылган 7,8 га жер аянтын рекультивациялоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун Жобосунун талаптары толук аткарылбагандыктан, рекультивация жүргүзүү боюнча долбооруна ылайык 2(эки) айлык мөөнөттүн ичинде жерлерди калыбына келтирүү(рекультивация) иштерин толук бүткөрүү жагы “Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна милдеттендирилсин.

Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А.Бактыбаев
