# суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги №143 "“Бужун” жалпы билим берүү мектеби мекемесин кайра атоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги №143 "“Бужун” жалпы билим берүү мектеби мекемесин кайра атоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 143
- Дата принятия: 13.04.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.04.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045773>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54954/edition/52695/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.04.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги №143 "“Бужун” жалпы билим берүү мектеби мекемесин кайра атоо жөнүндө" токтому (ред. от 13.04.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045773

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясы

2026-жылдын 13-апрели №143 “Бужун” жалпы билим берүү мектеби мекемесин кайра атоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомдоруна ылайык, ”Бужун” жалпы билим берүү мектебинин эмгек жамаатынын жана Бужум айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасы Ы.Салиевдин сунуштарын эске алуу менен, этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 25-февралындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан “Бужун” жалпы билим берүү мектеби мекемесинин аталышы өзгөртүлүп, мындан ары “Мамажунус Ысмайылов” атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемеси деп кайра аталсын.

Мектептин жаңы аталышын мамлекеттик каттоодон өткөрүү, тиешелүү документтерге өзгөртүү киргизүү жагы мектеп директору Б.Бурхановага жана Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго тапшырылсын.

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К. Шакиров
