# Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 51/X-29 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-ж. №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 51/X-29 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-ж. №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 51/X-29
- Дата принятия: 05.09.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045755>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/230045755/edition/52918/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 51/X-29 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-ж. №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 05.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045755

---

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 5-сентябры № 51/Х-29

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-ж. №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 01.08.2025-ж. №03-13/1719 “Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтомунун негизинде 5 пунктусуна ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтомунун 5 пунктусуна ылайык 8 пунктчасы боюнча төмөндөгүдөй бекитилсин:

1) 1-пунктчасы – “Туризм жана эс алуу үчүн” - 1 жылга 1сотук жайыт жерге 500 сомдон бекитилсин;

2) 2-пунктчасы-“Жапайы өскөн мөмө, жемиш, козу карын, башка тамак-аш азыктарын жеке пайдалануу максатында чогултуу” боюнча - 1 күнгө 1 кишиге 100 сомдон бекитилсин;

3) 3-пунктчасы- “Дарылык-техникалык чийки затты чогултуу жана аарычылык” боюнча - 1 жылга 1 бал челекке 100 сомдон бекитилсин;

4) 4-пунктчасы-“Маданий, ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу” боюнча - 8 сааттын ичинде 20 кишиге 1000 сомдон бекитилсин;

5) 5-пунктчасы-“Аңчылык кылуу үчүн” - 1 кишиге 1 күнгө 200 сомдон бекитилсин;

6) 6-пунктчасы-“Жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү чогултуу жана баштапкы кайра иштетүү пункттарын жана малды жасалма уруктандыруу пункттарын орнотуу” боюнча - 1 жылга 500 сомдон бекитилсин.”

7) 7-пунктчасы –“Чөп, тоют даярдоо” боюнча - 1 жылга 1 сот. жер тилкесине 20 сомдон бекитилсин;

8) 8-пунктчасы-“Жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу” боюнча - 1 жылга 1 сот. жер тилкесине 500 сомдон бекитилсин”

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Төрага

Н.Ибраимов
