# Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 27-февралындагы №7 "Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 27-февралындагы №7 "Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 27.02.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.02.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045740>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54928/edition/52665/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.02.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 27-февралындагы №7 "Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому. (ред. от 27.02.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045740

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (кезектеги XVII сессия) 2026-жылдын 27-февралы № 7

Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын “Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө” типтүү жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:

Региондорду өнүктүрүү фонддоруна сунушталуучу төмөнкү артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеси бекитилсин.

1. Лейлек районунун өнүктүрүү фондуна – “Манипулятор-көтөргүч жана аз жүк ташуучу унаа атайын техникаларын алуу” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 6,6 млн сом, а.и. өздүк салым 1,0 млн сом.

2. Баткен облусун өнүктүрүү фондуна – “Дөңгөлөктүү кичи экскватор алуу” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 7,0 млн сом, а.и. өздүк салым 1,0 млн сом.

Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С.А. Саматов
