Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтому “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдерин токтомго ылайык киргизүү жөнүндө токтом
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-январы №2 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдерин токтомго ылайык киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Т. Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү» токтомуна ылайык:
– Т. Зулпуев айылдык кеңешинин токтому менен Расымдык кызмат көрсөтүү кызматын уюштуруп, ачуу жагы сунушталсын
– Т. Зулпуев айыл аймагынын алдындагы Расымдык кызмат көрсөтүү кызматына Жобонун талаптарын аткаруу жагы жүктөлсүн.
2. Т. Зулпуев айыл аймагында расымдык кызмат көрсөтүү кызматы түзүлө электигин жана көмүү жайларын алдын-ала брондоо тажрыйбасы буга чейин колдонулбагандыгы, Т. Зулпуев айыл аймагында жергиликтүү калктын тутунган расмый шартына жараша келишим кабыл алынсын.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзам дин, укук, депутаттык этика, маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия курамы тапшырылсын.
Төрага
М.Бакиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.