# З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 1/9 "Электр энергиянын карызын жоюу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 1/9 "Электр энергиянын карызын жоюу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1/9
- Дата принятия: 28.01.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.01.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045609>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54853/edition/52520/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.01.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 1/9 "Электр энергиянын карызын жоюу жөнүндө" токтому (ред. от 28.01.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045609

---

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX-чакырылыштын 1- (кезектүү) сессиясы

2026-жылдын 28-январы № 1/9

Электр энергиянын карызын жоюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №126 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү бюджеттерди каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдардын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө” Жобонун 6- пунктуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү бюджетте турган бюджеттик мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн карызын жоюуга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп бере алат” жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 19-январындагы №02-01-10/319 каттын негизинде З.Кайназарова атындагы айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. З.Кайназарова атындагы айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин электр энергиясы үчүн пайда болгон карызды жоюу үчүн 70629 бөлүмүнүн 2231 беренесине 971,0 миң сом бөлүнсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүм башчысы А.Б.Мамырбаевага жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жүктөлсүн.

Төрага

Э.Б. Ибраимов
