# З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 1/8 “2025-жылдын 18-мартындагы №3/1 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандылардычыгаруунунставкасынбекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 1/8 “2025-жылдын 18-мартындагы №3/1 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандылардычыгаруунунставкасынбекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1/8
- Дата принятия: 28.01.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.01.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045605>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54852/edition/52519/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.01.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы № 1/8 “2025-жылдын 18-мартындагы №3/1 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандылардычыгаруунунставкасынбекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому (ред. от 28.01.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045605

---

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX-чакырылыштын 1- (кезектүү) сессиясы

2026-жылдын 28-январы № 1/8

“2025-жылдын 18-мартындагы №3/1 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2 - жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык,

З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. З. Кайназарова айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.

2. Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:

1) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.

2) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрельге чейин.

3) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрельге чейин.

3. Токтомдун атакарылышына көзөмөлдү З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.

Төрага

Э.Б. Ибраимов
