# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 20/4 "Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 20/4 "Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 20/4
- Дата принятия: 30.01.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.01.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230045461>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54770/edition/52353/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.01.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 20/4 "Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө" Токтому (ред. от 30.01.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230045461

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 30-январы № 20/4 Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтомуна ылайык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 28-январындагы №01-18/252 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө сунушталган Жоболор бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомдору менен бекитилген Жоболорго ылайык Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө иш алып барууга макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага

Б. Шералиев
