Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Эмгек-Талаа айыл аймагындагы КБФнын бош турган жерлерин арендага түз берүү жана аукцион-конкурска коюу үчүн түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» Токтому
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 4-февралы № 1/3
Эмгек-Талаа айыл аймагындагы КБФнын бош турган жерлерин арендага түз берүү жана аукцион-конкурска коюу үчүн түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997/111 токтому менен бекитилген жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-июнь 2007-ж №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599 токтомуна ылайык Эмгек-Талаа айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги I- сессиясы токтом кылат:
1. КБФнын бош турган жерлерин арендага түз берүү жана аукцион-конкурска коюу үчүн түзүлгөн жер комиссиясынын курамы бекитилсин.
1. Т.Бокошов- айылдык кенештин депутаты, жер комиссиясынын төрагасы.
2. А.Шамова-айыл өкмөтүнүн орун басары, жер комиссиясынын катчысы
Мүчөлөрү:
3. Р.Жумабаев -айыл өкмөтүнүн башчысы
4. Талант уулу Бек-айыл өкмөтүнүн жер адиси
5. Ж.Жаманаков- айылдык кенештин депутаты
6. Ж.Кыдырмышов- айылдык кенештин депутаты
7. Р.Саяков- айылдык кенештин депутаты
8. Р.Кытапов- айылдык кенештин депутаты
9. А.Дүйшенбиев -Эмгек-Талаа айылынын айыл башчысы
10. З.Сулайманов- 8-Март айылынын айыл башчысы
11. А.Асанбаев- Шоро айылынын айыл башчысы
12. Э.Муканбетов- Ак-Кудук айылынын айыл башчысы
13. Т.Кожогелдиев- айыл өкмөтүнүн пробация боюнча адиси
14. Нарынбек уулу Азамат- айыл өкмөтүнүн салык адиси
2. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп,emgektalaa/naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага
Р. Касымов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.