# Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 52 “Ак-Жар айылында кичи футбол аянтчасын курууга, үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымымды кароо жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 52 “Ак-Жар айылында кичи футбол аянтчасын курууга, үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымымды кароо жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 52
- Дата принятия: 07.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044895>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54416/edition/51718/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 52 “Ак-Жар айылында кичи футбол аянтчасын курууга, үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымымды кароо жөнүндө” токтому (ред. от 07.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044895

---

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы

2024-жылдын 7-августу № 52

“Ак-Жар айылында кичи футбол аянтчасын курууга, үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымымды кароо жөнүндө”

Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №9 Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна таянып АТРдин алкагында кызматкерлердин эмгек акысынан үнөмдөлгөн 3500,0 мин сомдон, Ак-Жар айылындагы курула турган кичи футбол аянтчасынын өздүк салымына жумшоого Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №9 Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык АТР дин алкагында Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2024-жылга бекитилген эмгек акы төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынан Ак-Жар айылындагы курула турган кичи футбол аянтчасына өздүк салымына жумшоого макулдук берилсин.

2. Кызматкерлердин эмгек акы төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынан Ак-Жар айылындагы курула турган кичи футбол аянтчасына өздүк салымына 500,0 мин сом бекитилсин.

3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине 500,0 мин сом жумшалсын.

4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Турдали у К.
