Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Шоро айылдык кеңешинин “Ак-Жар айылында кичи футбол аянтчасын курууга, үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымымды кароо жөнүндө” токтому
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 7-августу № 52
“Ак-Жар айылында кичи футбол аянтчасын курууга, үнөмдөлгөн акча каражатынан өздүк салымымды кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №9 Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна таянып АТРдин алкагында кызматкерлердин эмгек акысынан үнөмдөлгөн 3500,0 мин сомдон, Ак-Жар айылындагы курула турган кичи футбол аянтчасынын өздүк салымына жумшоого Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №9 Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык АТР дин алкагында Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2024-жылга бекитилген эмгек акы төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынан Ак-Жар айылындагы курула турган кичи футбол аянтчасына өздүк салымына жумшоого макулдук берилсин.
2. Кызматкерлердин эмгек акы төлөмдөрүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынан Ак-Жар айылындагы курула турган кичи футбол аянтчасына өздүк салымына 500,0 мин сом бекитилсин.
3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине 500,0 мин сом жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
Турдали у К.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.