# Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 46 “Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 46 “Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 46
- Дата принятия: 07.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044889>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54410/edition/51712/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-августу № 46 “Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө” токтому (ред. от 07.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044889

---

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы

2024-жылдын 7-августу № 46

“Кара-шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү жөнүндө”

Кара-шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл аймагындагы Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү боюнча Шамал-Терек айылынын жашоочуларынын 2024-жылдын 5-августундагы элдик жыйындын протоколунун негизинде, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурдун сунушун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Шамал-Терек айылынын атын өзгөртүү боюнча Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурдун сунушу канааттандырылсын.

2. Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОго ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун 7-пунктунун негизинде Шамал-Терек айылынын атын “Көлдүк” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.

3. Айыл аймактын жана айылдын атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Шермамат уулу Бектурга милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага:

Турдали у К.
