# Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-майы № 117 Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-майы № 117 Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 117
- Дата принятия: 23.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044852>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54378/edition/51678/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Куршаб айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-майы № 117 Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө токтому (ред. от 23.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044852

---

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIII кезексиз отуруму

2024-жылдын 23-майы № 117

Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-берене 5-пунктуна жана КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомун КР Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтом менен жана ага тиркелген убактылуу жобонун негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү маселсесин Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставы мыйзам талаптарына ылайык алымча кошумчасын эске алуу менен бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

2. Ушул токтомдун мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жана тиешелүү органдарга кайрылуу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Э.Жумаев

Куршаб айыл өкмөтүнүн «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставы

Жалпы жобо

1.1. Муниципиалдык ишкананын уюштуруучу документи болуп ушул Устав саналат. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштеп чыгарылган, муниципалдык ишканасынын юридикалык статусун, анын жалпы жобосун, структурасын жана ишкананын башкаруу тартибин, негизги максаттарын, функцияларын, укук-милдеттерин, жоопкерчилигин, башка уюмдар менен байланышын, кайра түзүү жана жоюлуу тартибин, жалпы ишмердүүлүгүн аныктайт.

1.2. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасы өз алдынча эсеби бар, чарбалык муниципалдык ишкана болуп саналат. Негизги милдеттери жайыт маселесин кароо, сугат жерлерди сугат суу менен камсыздоо, калкты таза суу менен камсыздоо айлана – чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү санитардык жактан тазалоого жалпы тазалык маселесин карайт. Ишкананын аталышы: мамлекеттик тилде – «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасы. Расмий тилде аталышы – Муниципальное предприятие «Куршаб өнүгүү»

1.3. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормативдик - укуктук актыларынын негизинде жана белгиленген тартипте каттоодон өткөн Уставына ылайык иш алып барат.

1.4. Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап, юридикалык жак болуп саналат, анын иш жүргүзүүгө, өзүнүн эсептик балансы жана башка банк мекемелеринде эсебин ачууга укугу бар, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы, эмблемасы, өзүнүн бланкасы жана башка атрибуттарга ээ болот.Ишкана өз ишмердүүлүгүнчарбалык эсеп менен жүргүзгөн коммерциалык уюм болуп саналат.

1.5. Муниципалдык ишкананы түзүүчүсү болуп Куршаб айыл өкмөтү саналат.

1.6. Куршаб айыл өкмөтү «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес, ошондой эле муниципалдык ишкана Куршаб айыл өкмөтүнүн милдеттерине жооп бербейт.

1.7. Чарбалык субьектилер жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасы, Уставда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштерди алып барууга укуктуу.

1.8. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынин структураларынын түзүлүшү же жоюлушу Кыргыз Республикасынын белгиленген тартиптеги мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.

1.9. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана негизги аткарылуучу милдеттерине жараша профсоюздук уюм түзүлүүшү мүмкүн.

1.10. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы, А. Камчыбеков көчөсү - 179.

2. Муниципалдык ишкананын максаты жана иштери.

2.1. «Куршаб өнүгүү» муниципалдык ишканасы өз ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык иш-аракеттерди аткарат:

1) калкты ичүүчү таза суу менен толук жабдуу, анын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, ичүүчү сууну туура колдонуу, акысын чогултуу, тарифтерин бекитүү боюнча түшундүрүү иштерин жүргүзүү;

2) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;

3) айыл ичиндеги муниципалдык жолдорду ондоо-түздөө, кеңейтүү жана канааттандырарлык деңгээлде иштешин камсыз кылуу;

4) айыл ичинде жана жалпы пайдалануудагы жерлерге, көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу;

5) айылдардын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жерлерди (көчөлөрдү, парктарды, аянттарды ж.б.) көрктөндүрүү жана жашылдандырууну камсыз кылуу;

6) белгиленген убакыттарда жалпы пайдалануудагы жерлерди, парктарды, спорт аянтчаларын, көчөлөрдү, тротуарларды, арыктарды жарандардын катышуусу менен тазалоо;

7) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну (утилизацияны) уюштуруу, таштанды төгүүчү жайларды ирээтке келтирүү, тыюу салынган жерлерге таштанды чыгарган жарандарга тийиштүү административдик жаза чара колдонуу жана таштандыларды чогултууга бекитилген тариф боюнча төлөмдөрдү чогултуу;

8) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана жөнгө салуу;

9) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

10) айыл ичин жана талаадагы айдоо жерлерди суугат суу менен камсыз кылуу, ирригацияларды орнотуу, ондоп-түздөө, тазалоо иштерин жүргүзүү, сугат сууну пайдалануу эрежелерин жана кезектешүү графиктерин иштеп чыгуу жана төлөмдөрүн чогултуу;

11) жайыт маселелери боюнча иш алып баруу, бодо жана мал жандыктарына бекитилген тарифтер менен чогултууларды уюштуруу;

3 Муниципалдык ишкананын милдети жана укуктары

3.1. Муниципалдык ишкана өзүнун милдеттерин ишке ашырууда, муниципалдык ишкана кайсыл укуктук органдын карамагында баш ийүүсү менен, өзүнүн милдетин ишке ашырууга укуктуу:

- Белгиленген тартипте эсебин өндүрүп чыгаруусу, ошону менен бирге башка юридикалык жана физикалык жактардан атайын эсептерди ачып алууга;

-Сотто доочу жана жооптуу болууга;

- Муниципалдык мекеменин функцияларынын милдеттеринин негизинде жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө;

- Муниципалдык мекеменин иштерин аткарууга жарандарды тартуу, эмгек келишими жана башка жарандык укуктук келишимдердин негизинде ишке алууга;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормасынын негизинде (колькуляция) өзүнчө иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө;

- Муниципалдык ишкананын керектелүүчү иштерине ылайык, юридикалык жактардан атайын авто унааларды, күйүүчү майларды алууга;

3.2. Муниципалдык мекеменин иши жана эс алуу режими, социалдык камсыздоосу, социалдык коргоосу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын негизинде туураланып жүргүзүлөт.

3.3. Муниципалдык мекеме төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

-Мекеменин ичиндеги бекитилген сметанын негизинде, курулуш, капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерине реконструкция жүргүзүүгө; -Бардык кызматкерлердин коопсуздугуна, бардык шарттарды түзүп, белгиленген тартипте алардын ден-соолугуна жана эмгектенүүсүнө тосколдуктарын жоопкерчилигине алууга; -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген келишимдин негизинде өзүнүн милдеттерин аткарууга;

- Муниципалдык мекеменин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо көрсөтүү.

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү органдарга отчет, белгиленген тартипте салыктарды төлөөгө, эсептерди өз убагында өткөрүү. Муниципалдык мекеменин кызматкерлери, кызмат учурунда болгон иштерди, мамлекеттик кызматтык сырларды чыгарбай жашырууга милдеттүү.

4. Муниципалдык ишкананын мүлкү жана каржы булагы.

4.1. Муниципалдык мекеменин материалдык-техникалык базасын, аларга бекитилип берилген иш жүргүзүлүүчү чарбасы, негизги өндүрүүчү фондусунун айлануу каражаты, материалдык баалулугу жана каржы булактары түзөт.

4.2. Муниципалдык ишкана, максат кылган иштерди, берилген таршырмаларды аткарууга мүлктү колдонууга укуктуу.

4.3. Муниципалдык ишкана, чарбалык иштерди жүргүзүүгө түзүүчү бекитип берген мүлктөргө кожоюндук кылууга укуктуу.

4.4. Муниципалдык ишкананын негизги каражаттарын, жабдыктар, орнотуулар, аппаратура, унаа, акча каражаттары ж.б. мүлктөрдү түзөт.

4.5. Муниципалдык мекеменин каржы базасынын жайлуулугу башка эсептик булактардан да түзүлөт.

4.6. Муниципалдык ишкананын өздүк фондусу, айландыруучу каражаттары жана мүлктөрү, Куршаб айыл өкмөтүнүн чечими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген жагдайда, соттун чечими менен гана алууга жол берилет.

5 Муниципалдык ишкананы башкаруу

5.1. Муниципалдык ишкананын башкы органы болуп түзүүчү(уюштуруучу) саналат.

-Түзүүчүнүн компетенциясына муниципалдык ишкананы түзүү боюнча суроолор, Уставга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана анын түзүлүшү же жоюлушу жана кайра түзүлүшү боюнча маселелер кирет.

5.2. Муниципалдык ишкананын күндөлүк ишин, ишкананын жетекчиси (мүдүрү) жетектейт.

5.3. Муниципалдык ишкананын жетекчисин Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине жана мыйзамдарына ылайык дайындалат жана бошотулат.

Муниципалдык ишканасынын жетекчилик орунга жумушка алуу үчүн төмөнкүдөй талаптар коюлат: -Кыргыз Республикасынын жараны болуш керек. -Жогорку билими -Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иш тажыйбасы кошумча артыкчылыкка ээ.

5.4. Муниципалдык ишканын жетекчиси ишеним кагазы жок эле, муниципалдык ишкананын атынан келишимдерди түзүүгө, анын ичинен эмгек келишимин, ишеним каттарды берүүгө, банктарда эсебин ачууга, каражаттарды бөлүштүрүүгө, бекитилген мыйзамдардын негизинде буйрук берип, буюрууга, кызматкерлерди ишке алууга жана материалдык колдоо көргөзүү укугуна ээ.

5.5. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери, адистери кызматка алуусу жана иштен бошотулушу жетекчи аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлөт.

5.6. Муниципалдык ишкананын түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса Куршаб айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.

5.7. Муниципалдык ишкананын жеке жана юридикалык жактардан бардык чарбалык иш чөйрөсүндө иштер келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

5.8. Муниципалдык ишкананын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кадр маселелерин чечүүгө, тартипти, эмгек төлөмдөрүнүн формасын жана ыкмасын уюштурууга, төлөнүүчү айлык акыга кошумча төлөмдү түзөт, сыйлоолорду аныктайт, иш күнүнүн жана жуманын улануусун, эмгек өргүүсүн жана эс алуу күндөрүн тартип боюнча берүүгө укуктуу.

5.9. Муниципалдык ишкананын каржы жана материалдык активдери коммуналдык ишкананын түзүүчүсүнүн муниципалдык мүлкү болуп саналат.

5.10 Уюштуруучунун макулдугу менен ишкананын түзүмү жана штаттык ырастамасы ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет, эгерде мыйзамда башкача каралбаса.

6 Муниципалдык ишкананын кызматкерлери

6.1 Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгектик укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, ушул Устав, ички ченемдик укуктук актылар жана эмгек келишими (контракты) менен аныкталат.

6.2 Муниципалдык ишкананын мүлкүнө ишкананын кызматкерлери тарабынан зыян келтирилсе, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана эмгек келишиминде көргөзүлгөн тартиптерге ылайык жоопкерчиликти тартат.

6.3 Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин иш милдеттери жетекчи тарабынан бекитилет.

7. Муниципалдык ишкананын эсеби жана отчету

7.1. Муниципалдык ишканада түзүүчү тарабынан иштелип чыккан Куршаб айыл өкмөтү бекитип берген иш планынын негизинде иш жүргүзүлөт.

7.2. Муниципалдык ишкана аткарган иштеринин жыйынтыктарын бухгалтердик эсеби менен жүргүзөт жана статистикалык отчетун Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарынын негизинде тапшырат.

- Керектелүүчү оперативдик башкарууга жана жетектөөгө коммуналдык ишкананын түзүлүүсүнүн чарбалык чөйрөдөгү аткарган иштерин жыйынтыктайт жана маалымдайт.

- Норма жана нормативдик сметанын негизинде каражат колдонулган мүлктөрдүн жүрүүсүнө, эмгек жана каржы ресурстарынын чыгышын текшерүүнү камсыз кылат.

- Чарба ичиндеги каржы иштери боюнча туура эмес учурларды тезинен өз убагында чечүүгө, билдирүүгө милдеттүү.

7.3. Муниципалдык ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү текшерүүчү органдары аркылуу ишке ашырылат.

8 Муниципалдык ишкананы кайрадан түзүү жана жоюу

8.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде коммуналдык ишкананы кайрадан түзүүсү жана жоюсу түзүүчүнүн чечими менен, ошондой эле кокустук учурларда соттун чечими менен жүргүзүлөт.

8.2. Мекеменин жоюлусуна комиссия курамы активдерин баалап, дебитор, кредиторлор менен эсептешип, жоюлуучу балансын түзүп, ишкананын Түзүүчүнүн кароосуна жиберет.

8.3. Муниципалдык ишкана жоюлуп кеткен учурда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.

8.4. Муниципалдык ишкананын түзүлүүсү же жоюлушу юридикалык жактан мамлекеттик реестрга катталгандан кийин гана түзүлдү же жоюлду деп эсептелинет.

8.5. Муниципалдык ишкана жоюлгандан кийин, анын тиешелүү жана тиешесиз мүлкү, укуктары жана милдеттери келип чыгуучу юридикалык жакка же түзүүчүгө биригүүгө өткөрүлүп берилүүчү актынын негизинде бөлгүч балансына ылайык берилет.

9. Жыйынтыктоочу жобо

9.1. Муниципалдык ишкананын ушул Уставында көрсөтүлбөгөн маселелер Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.

9.2. Ушул Уставдын чегиндеги Муниципалдык ишкананын башчысы ыйгарым укугуна ылайык, чыгарылган буйруктар жана башка нормативдик укуктук актылары ушул Уставга майда карама - каршылыктар келип чыкса, ал учурда Устав юридикалык күчкө ээ болот.

Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы:

Келдибаев С.А.
