# Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобо токтому

- Полное наименование: Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобо токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 16.02.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.02.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044701>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54279/edition/51510/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.02.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобо токтому (ред. от 16.02.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044701

---

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

X чакырылыш кезектеги XXIII сессия

2026-жылдын 16-февралы №8

Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобо

Манас шаарынын мэриясынын 03.02.2026-жылдагы чыг.№01-18/561 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде ишмердүүлүк жүргүзүү жагы Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине (Ж.Байзаков) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Болотов Н.Б.

Манас шаардык кеңешинин “16”-февраль 2026-жылдагы кезектеги XХIII сессиясынын №8-токтомуна 1-тиркеме

Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) тамактануусуна акы төлөө боюнча жеңилдик берүү тартиби жөнүндө Жобо

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №257 “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартибинин жана Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», Мыйзамдарынын негизинде иштелип чыкты.

1.2. Жобонун максаты – Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (мындан ары – МЧББУ) тарбияланган балдар үчүн ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн) тамактанууга алынуучу акыга социалдык колдоо көрсөтүү иретинде жеңилдик берүү тартибин аныктоо.

1.3. Бул Жобо Манас шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тиешелүү.

1.4. Жеңилдик алуу үчүн ата-эне (мыйзамдуу өкүл) Манас шаарында акыркы 1 (бир) жылдан кем эмес мөөнөттө каттоодо турушу шарт.

2. Тамактануу үчүн акы төлөмүнөн бошотулуучу категориялар

2.1. 100 пайыз бошотулуучу категориялар:

2.1.1. ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) бири I топтогу майып болсо (МСЭК корутундусу менен);

2.1.2. тоголок жетим балдар;

2.1.3. №12 «Жылмаю» атайын сүйлөө кемтиги бар балдар үчүн МЧББУда тарбияланган балдар(атайын логопед тайпа);

2.1.4. кургак учукту дарылоо тибиндеги №5 «Чолпон» МЧББУда тарбияланган балдар.

2.2. 50 пайыз бошотулуучу категориялар:

2.2.1. 16 жашка чейинки төрт жана андан ашык баласы бар, өтө жакыр үй-бүлө катары каттоодо турган үй-бүлөлөрдүн балдары;

2.2.2. «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдары(бардык категорияга кирген жакыр үй-бүлө 7баласы бар 16 жашка чейинки балдары бар);

2.2.3. Үч эм балдары бар үй-бүлө(социалдык абалына каралбайт);

2.2.4.МСЭК корутундусунун негизинде майыптыгы бар балдар;

2.2.5. Баткен окуяларына катышкан жарандардын балдары.

3. Жеңилдиктерди берүү тартиби

3.1. Жеңилдик ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) МЧББУ жетекчисине жазган арызынын негизинде берилет.

3.2. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

- Үй-бүлөнүн 16 жашка чейинки балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;

- Калкты тейлөө борборунан Манас шаарында 1 жылдан кем эмес каттоодо турганын тастыктаган даректик жана санариптен тиешелүү аймакта жашагандыгы тууралуу тактамалары;

- Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын базасында өтө жакыр үй-бүлө катары каттоодо тургандыгы тууралуу тактама;

- МСЭК корутундусунун көчүрмөсү;

- Баатыр эне орденинин күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

- Баткен окуясына катышкандыгы тууралуу тактама.

4. Жоопкерчилик жана көзөмөл

4.1. Чечим МЧББУ жетекчиси тарабынан кабыл алынат жана жоопкерчилик тартат.

4.2. Аткарылышын Манас шаарынын борборлоштурулган эсепканасы көзөмөлдөйт.

5. Акыркы жоболор

5.1. Бул Жобо Манас шаардык депуттатар кеңешинин токтому менен бекитилет, өзгөртүүлөр киргизилет жана жокко чыгарылат.

5.2. Жобо бекитилген күндөн тартып тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдик каралып башталат.

Жооптуу катчы Осмонова Г.О.
