Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылга Манас шаарынын бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө токтому
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
X чакырылыш кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралы №3
2026-жылга Манас шаарынын бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө
Манас шаарынын 2026-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, шаардык бюджеттин 2027-2028–жылдардагы бюджетинин болжолу (прогноз) 21.01.2026-жылдагы «"Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» №5 мыйзамынын, «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин», 27.10.2021-жылдагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» №125-мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-ж. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» №266-жарлыгынын жана башка укуктук актыларга ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын 2026-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 1 587 707,0 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 380 651,0 миң сомду, чыгаша бөлүгү 1 587 707,0 миң сом, анын ичинен атайын төлөм боюнча чыгашалар 380 651,0 миң сом өлчөмүндө №1, №2, №2а тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
2. Манас шаарынынын 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу №1, №3 тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. 01.01.2026-жылга калган калдыктын эсебинен чыгымдар №4 (бюджет), №4а (атайын төлөмдөр) тиркемелерине ылайык бекитилсин.
4. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө карата 2% чейинки жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 4000,0 миң сом өлчөмүндө түзүлсүн, пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» талаптарына ылайык кабыл алуу жагы белгиленсин.
5. №2-тиркемедеги үлүштүк каржылоого каралган 40 000,0 миӊ сом акча каражаты жыл ичинде Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлорго, үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануучу долбоорлорго жана Манас шаарынын ар түрдүү маселелерине жергиликтүү тургундар тарабынан демилгеленген долбоорлорду жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлгөн комиссиянын жактыруусу менен 50% чейинки үлүштүк каржылоосун камсыз кылууга мэриянын буйругунун негизинде каржыланары белгиленсин.
6. Манас шаарынын мэриясынын атайын эсебиндеги 3,0 млн сом калдык акча каражатын “Алтын-Балалык” лагеринин аймагына кошумча корпус куруу үчүн Капиталдык курулуш департаментинин атайын эсебине жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Манас шаардык финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
7. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга каралган 500,0 миӊ сом акча каражаты мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде шаар мэриясынын буйругунун негизинде каржылансын.
8. Шаардык бюджеттин эсебинен мугалимдер күнүнө карата ар бир мугалимге, бала бакчалардын тарбиялоочуларына 2000 сомдон (шаардык кеӊеш тарабынан бекитилген жобого ылайык) төлөп берүү шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
9. Манас шаардык билим берүү бөлүмүнө бала бакчаларга I группадагы ата-энеси майыптардын, I-II даражадагы майып балдарды, тоголок жетимдерди 100% га (шаардык кеӊеш тарабынан бекитилген жобого ылайык) бошотуу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
10. Манас шаарынын бюджетинен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктери токтомдо тиркелген №5, №6, №7, №8, №9, №10, №11, №12, №13, №14, №15, №16, №17, №18, №19, №20, №21, №22, №23, №24, №25, №26, №27 тиркемелерге ылайык бекитилсин, шаардык кеңеш тарабынан кошулган үстөк каражаттар 2026-жылдын 1-январынан тартып төлөп берүү жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
11. Атайын эсептен каржыланган «Тазалык» мекемесинин жана Муниципалдык мүлк башкармалыгынын штаттык бирдиктери №15а, №17а тиркемелерге ылайык бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
12. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктеринде кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-ж. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» №266-жарлыгынын 4-пунктуна ылайык, токтомдо тиркелген штаттык бирдик менен төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
13. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин муниципалдык кызматка кирбеген штат бирдиктерине кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасыныны Министрлер Кабинетинин 01.08.2022-ж. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” №433-токтомунун 4-пунктуна ылайык, токтомдо тиркелген штаттык бирдик менен төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
14. Манас шаардык “Үй-бүлөөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун жетекчисине жергиликтүү бюджеттен берилген материалдык жардамдар Манас шаарынын 1 жылдан ашык туруктуу каттоодо турган тургундарына, акчага муктаж болгон оорулуу жарандарга, I, II тайпадагы майыптарга, социалдык коргоо башкармалыгында жакыр үй-бүлөө катары каттоодо турган жашоо шарты оор үй-бүлөөлөргө (өздүгүн тактап, тиешелүү документтерин аныктап) төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
15. Манас шаарынын билим берүү бөлүмүнүн мекемелерине (мектеп, бала бакчаларга) көмүр сатып алууда ар бир от казандын мүнөздөмөсүндө көрсөтүлгөн көмүрдүн жылуулук баалуулугуна жараша жарыя берүү жана сатып алынган көмүргө тийиштүү адистердин корутундусунун негизинде, сапатына дал келген учурда акча каражатын төлөп берүү билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана башкы эсепчисине милдеттендирилсин.
16. Өлкө аймагында күйүүчү майдын баасы күн сайын өзгөрүлүп тургандыгына байланыштуу, Манас шаарынын жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин күйүүчү майга мекеме тарабынан тендер жарыялоонун алдында үчтөн кем эмес күйүүчү май ташуучу юридикалык жактар менен мониторинг жүргүзүп, мониторингдин жыйынтыгы менен орточо баага тендер жарыялоо жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
17. Экономикалык классификация боюнча №2, №2-а, №4, №4а тиркемелердеги аткарыла турган жумуштардын багытын өзгөртпөй, беренелерди мыйзамдаштыруу максатында жылдыруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Манас шаардык финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
18. Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган мекемелердин транспорттук чыгымдарынын техникаларды ондоого жана запастык тетиктерге каралган жалпы өлчөмүнүн чегинде 20% га чейин запастык тетиктиктерди (жараксыз болгондугуна, бузулгандыгына байланыштуу) башка тетиктерге өзгөртүү укугу мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
19. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилерине мамлекеттик сатып алуулар аркылуу түзүлгөн келишимде алдын ала төлөөлөрдү 10% ашырбоо жана калган каражатты жасаган ишке жараша төлөө, ал эми 10% акча каражаты (жеӊишке ээ болгон подрядчынын кепилдикке накталай төгүлгөн каражаты менен кошо (курулуш иштерине) аткарылган иштерди толук мекемеге өткөрүп алгандан кийин төлөө жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
20. Бюджеттик мекемелердин жетекчилерине мамлекеттик сатып алуу порталына сатып алууларды жарыя бергенде алынуучу кызматтарды, товарларды ж.б. жумуштарды сөзсүз төмөндөгүлөрдү көрсөтүү жагы милдеттендирилсин: а) сатып алынуучу товар, кызмат ж.б. мөнүздөмөсү берилүүсү; б) сапаттуу товарларды жана жумуштарды жасатуу; в) алынган товардын же жумуштун сапатына кепилдик берүү; г) керектүү жерлерде сертификат талап кылуу жана сертификат менен дал келтирип алуусу.
21. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
22. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
23. Ушул токтом Манас шаардык кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Болотов Н.Б.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.