# Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы “Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын” бекитүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы “Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын” бекитүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 16.02.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.02.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044634>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54235/edition/51450/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.02.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы “Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын” бекитүү жөнүндө токтому (ред. от 16.02.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044634

---

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

X чакырылыш кезектеги XXIII сессия

2026-жылдын 16-февралы №2

“Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын” бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, жана Манас шаарынын мэриясынын 11.02.2026-жылдагы чыг.№01-18/764 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы” бекитилсин.

2. Манас шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген Манас шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (Э.Ормоков) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Төрага

Болотов Н.Б.
