# Памир-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январында, №4, Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш айылынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Ачык акционердик коомуна жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Памир-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январында, №4, Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш айылынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Ачык акционердик коомуна жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 23.01.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.01.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044457>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54156/edition/51266/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.01.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Памир-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январында, №4, Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш айылынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Ачык акционердик коомуна жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө токтому (ред. от 23.01.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044457

---

«ПАМИР-АЛАЙ» АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 1-отуруму

2026-жылдын 23-январы, № 4

Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш айылынан Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Ачык акционердик коомуна жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун 8-беренесине ылайык Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылынан “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду”нун Ачык акционердик коомуна жер тилкесин убактылуу ижарага берүү максатында Памир-Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылынан “Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” нун Ачык акционердик коомуна жалпы аянты 3 (үч) га болгон жер тилкеси 20 (жыйырма) жыл мөөнөткө убактылуу ижарага берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Памир-Алай айыл аймагынын башчысы К.Анарбаевге тапшырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Бул токтом pamir-alay.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Төрага:

Н.Айтмаматов
