# Памир-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январында, №3, Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан «Альфа-Телеком» ЖАК базалык станциясына жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Памир-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январында, №3, Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан «Альфа-Телеком» ЖАК базалык станциясына жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 23.01.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.01.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044456>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54155/edition/51265/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.01.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Памир-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январында, №3, Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан «Альфа-Телеком» ЖАК базалык станциясына жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө токтому (ред. от 23.01.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044456

---

«ПАМИР-АЛАЙ» АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 1-отуруму

2026-жылдын 23-январы, № 3

Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан «Альфа-Телеком» ЖАК базалык станциясына жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарындагы элдеринин талабына жана уюлдук байланышты жакшыртуу максатында Памир-Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Памир-Алай айыл аймагындагы Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан “Альфа-Телеком” ЖАК базалык станциясын жайгаштыруу үчүн 20 чарчы метр жер тилкеси убактылуу ижарага берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом pamir-alay.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Төрага:

Н.Айтмаматов
