# Постановление Ошского городского кенеша от 25.11.2025 года №105 О даче согласия на принятие в муниципальную собственность города Ош некоторые имущества, находящиеся в государственной собственности

- Полное наименование: Постановление Ошского городского кенеша от 25.11.2025 года №105 О даче согласия на принятие в муниципальную собственность города Ош некоторые имущества, находящиеся в государственной собственности
- Вид акта: Постановление
- Номер: 105
- Дата принятия: 25.11.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.11.2025
- Язык текста: русский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/doc/230044427>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54129/edition/51236/ru>
- Текст на другом языке (Markdown): <https://aqlex.ai/kg/doc/230044427.md>

> Текст приведён по редакции от 25.11.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Постановление Ошского городского кенеша от 25.11.2025 года №105 О даче согласия на принятие в муниципальную собственность города Ош некоторые имущества, находящиеся в государственной собственности (ред. от 25.11.2025) - https://aqlex.ai/doc/230044427

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 25-ноябры № 106 Мамлекеттик менчиктеги айрым мүлктөрдү Ош шаарынын мунципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, шаар аймагындагы айрым мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы №55 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Төмөнкүлөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:

– Ош шаарынын Атабаев көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мүлктү;

– Ош шаарынын Алымбек Датка көчөсүнүн №298 дарегиндеги Кыргызстан калк Ассамблеясынын Оштогу бөлүмү жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мүлктү;

– Ош шаарынын А.Каримов көчөсүнүн №31А дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мүлктү;

– Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Туран, №63 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгынын “Альфа” атайын кызматынын базасы жайгашкан мамлекеттик менчиктеги мүлктү.

2. Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү муниципалдык менчикке мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Т. Баетов
